17-июнда Израилдин армиясы Ирандын куралдуу күчтөрүнүн жаңы кол башчысы жок кылынганын билдирди. Ага чейинки командачы 13-июндагы соккудан улам каза болгон.
Мёрдо Маклеад, журналист-блогер. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
2007-жылы чыккан Кызыл китепке жоголуп бараткан канаттуулардын 50дөн ашык түрү кирген. Кийинки редакцияга андан да көп түрү кириши мүмкүн.
Израил менен Ирандын ортосундагы куралдуу жаңжал Орусиянын Украинага каршы согушуна кандай таасир этиши мүмкүн? Москва Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуудан кандай пайда табат?
Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын кыргызстандыктарга чектөө киргизиши мүмкүн деген маалыматына түшүндүрмө берүү үчүн АКШ элчилигинин консулун чакырарын жарыялады.
16-июндун кечинде Израил Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын имаратына абадан сокку урду. Бул тууралуу эл аралык медиа кабарлады. Иран менен Израил бири-бирин аткылоону токтоткон жок. Эки тарапта тең жай тургундар арасында өлгөндөр, жарадар болгондор бар.
АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен Израилдин жаңжалына Америка Кошмо Штаттары кийлигишпей турганын билдирди, бирок эки эки тарап бири-бирине аба соккуларын күчөткөндө абал өзгөрүшү мүмкүн экенин кыйытты.
Чех жазуучусу Карел Чапек көккө көтөрүлгөн кыялкечтин канаттуу сезимин боорун жерден көтөрө албаган байкуштар кантип жок кылышканын "Учууну билген адам" аңгемесинде ишенимдүү сүрөттөп берген.
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай жатканын айтып "Азаттыкка" кайрылды.
Индияда 12-июнда кырсыкка учураган учактын ичинде жалпы 242 киши (Индия, Улуу Британия, Канада жана Португалия жарандары) болгон. Айрымдар алардын бири да аман калбаганын жазышса, кээ бир маалымат булактары кеминде эки жүрүнчү аман экенин кабарлоодо.
Дагы жүктөңүз