Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Израил-Иран жаңжалы Орусиянын пайдасына ойнойбу?


Тегеран Израилдин соккусунан кийин. 15-июнь 2025-жыл
Тегеран Израилдин соккусунан кийин. 15-июнь 2025-жыл

Израил менен Ирандын ортосундагы куралдуу жаңжал Орусиянын Украинага каршы согушуна кандай таасир этиши мүмкүн? Москва Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуудан кандай пайда табат?

14-июнда АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттердин курчушун телефондон талкуулагандан кийин Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин “мендей болуп эле Израил менен Ирандын бул согуш аякташы керек деп эсептейт” деген оюн социалдык тармакка жазган. Ал постунда Трамп Путинге “анын урушу да токтоого тийиш” деп айтканын кошумчалады.

Атайылап айттыбы же жокпу, бул комментарийи Москванын эки жүздүүлүгүн баса белгилегендей. Үч жылдан бери фронттон алыс жашаган украиналык миңдеген тынч тургундар өзгөчө түнкү чабуулдардан ажал таап, жабыркап жатат. Ошол эле маалда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин "тынч уктап жаткан шаарларга жок жерден аскердик сокку урганын” айыптады.

Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал Москваны Украинага каршы согушун токтотууга жакындатат деп айтуу кыйын. Ал тургай Орусияга ыктымал пайда алып келчү жагдайлар жок эмес.

Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушу Украинадагы урушка кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Дрондор жана көңүлдү украин согушунан башка жакка бурган факторлор

ХАМАСтын 2023-жылдын октябрында Израилге кол салуусу жана андан кийин Газада тутанган согуштай эле Израил менен Ирандын ортосундагы куралдуу жаңжал маанилүү учурда Батыштын көңүлүн Орусиянын Украинага каршы агрессиясынан алагды кылууда.

Ушу тапта Трамп, АКШ жана Батыш Москвага каршы катаал санкцияларды салууну караштырып жатат. Киевдин жана европалык айрым лидерлердин айтымында, Кремль тынчтыкты орнотууга таптакыр кызыкдар эмес жана ал жараянды создуктурууну көздөө менен бирге майданда гана эмес өз позицияларын жакшыртуу аракетин көрүүдө.

Санкциялар жана украин согушуна байланышкан башка маселелер "Чоң жетинин" 17-июнга чейин өтчү саммитинде каралмакчы.

Бирок Израил-Иран жаңжалы аны күн тартибинде ылдыйраак жылдырып коюшу мүмкүн.

Батыштын курал-жарагы, каражаты жана башка ресурстарына келгенде, келечекте Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Украинадагы согушка атаандаш болуп калышы ыктымал.

Батыштын Москванын согуш машинасын алсыратуу аракети биринчи кезекте анын мунайдан түшкөн кирешесин азайтууну көздөйт. Израил-Иран жаңжалынын натыйжасында жанар майдын баасы кескин кымбаттап кетсе, бул - Киев менен өнөктөштөрү үчүн жагымсыз көрүнүш болуп калмакчы.

Ушундай факторлор Украинанын уруш майданындагы абалын ого бетер начарлатышы мүмкүн. Орус аскерлери көптөгөн кишинин өмүрүнүн аркасы менен акыркы кезде алга жылып, Киев 2023-жылдан бери көзгө илинерлик ийгиликке жетише элек.

Кремль балким Жакынкы Чыгыштагы зомбулуктан пайда табууну көздөйт.

“Ирандын өзүнөн тышкары азыркы абалда эң чоң саясий жана аскердик залакага Украина да учурайт”, - деп жазат Москвадагы Стратегиялык анализ жана технология борборунун директору Руслан Пухов орус өкмөтүнүн “Российская газета” басылмасындагы макаласында.

Анын божомолунда “Жакынкы Чыгыштагы жаңы уруш дүйнө коомчулугунун көңүлүн (Орусиянын Украинага кол салуусунан) башка маселеге бурдуруп, сыягы АКШнын аскердик жардамынын көбүн Израилге жөнөтүүсүнө салым кошот”.

Пухов андан тышкары Израилдин Иранга каршы соккулары “Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттерине айтылган сынга көлөкө түшүрөт”, ал эми мунай баасынын өсүшү “Украинанын жана батыш европалык союздаштарынын Орусиянын мунайдан тапкан кирешеси азайтат деген үмүтүн таш каптырат” деп улантат.

Экинчи жагынан Москва Украинага каршы пайдаланган курал-жарак, асыресе “Шахед” пилотсуз учактары менен камсыз кылуу иши үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

Бирок Орусия “Шахеддин” негизинде жасалган дрондорду өз алдынча чыгара баштады жана анын түрлөрүн көбөйтүүдө. Мындай ой менен Орусия жана Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Ханна Нотте 14-июлда Х социалдык тармагында бөлүштү.

“Албетте Орусия Ирандан болгон нерселерди сатып алууга дилгир болот. Бирок Иран продукциясын биринчи кезекте өз муктаждыктарына жумшары калетсиз. Иранга алардын мурдагыдай зарылчылыгы жок”, - деген пикирин айтты Марк Галеотти 15-июндагы подкастында.

Трамптын аракеттери

15-июнда Израил менен Иран бири-бирине кыйратуучу сокку уруп жаткан чакта Трамп келишимге жетишип, “бул кандуу жаңжалга чекит кое алабыз” деп Truth Social социалдык түйүнгө жазды.

Америкалык президенттин бул багыттагы дилгирлиги ушу тапта Орусиянын Украина менен согушун токтотуу аракетине караганда күчтүрөөк. Кызматка келгенден кийин урушту бир-эки күндө жөнгө салууну айтып келген Трамп инаугурациясынан бери ал жааттагы аракеттерди жүргүзүүдө.

Орусия чегинүүдөн баш тартып, карапайым элге каршы соккуларды күчөткөнү АКШ президенти Путинден көңүлү калганын айткан. Ошол эле маалда Москвага каршы санкция киргизүүдөн карманууда.

Орус мамлекет башчысы тынчтыкты чын дилинен каалайбы же “биз менен ойноп жатканына” байкоого эки жума бергени менен ал мөөнөт бир нече күн мурун соңуна чыккан. Эми болсо Жакынкы Чыгыштагы жаңжал ошол мөөнөттү ого бетер создуктурушу мүмкүн. Өзгөчө Трамп Иран-Израил чатагын жөнгө салуу же Тегерандын ядролук программасы боюнча Кремлден ортомчулук кылууну сураса.

Путин жаңжалды жөнгө салууда жардам бериши мүмкүнбү?

Буга чейин 4-июнда Путин менен телефондон сүйлөшкөндө Трамп орус президенти Тегеран менен өзөктүк программасын чектөө келишимине жетүү аракеттеринде “пайдалуу” болушу мүмкүн деп жазган.

14-июнда америкалык лидер менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат бергенде Кремль Путин “орус тараптын ыктымал арачылык аракеттерине даярдыгын” билдирди.

Эртеси Трамп Путиндин ортомчу болуусуна ачык экенин ABC News телеканалына айтты.

Албетте, дипломатиялык аброй күтүү аракети кош натыйжага алып келиши ажеп эмес. Бир жагынан Путиндин Жакынкы Чыгышта маанилүү роль ойноого умтулуусу Украинага конструктивдүүрөк мамиле кылуусуна алып келиши ыктымал.

Бирок анын олуттуу чегинүүгө баруусу күмөн. Орус президенти Израил-Иран жаңжалында чоң роль ойногону Украинага келгенде, анын позициясын күчтөндүрбөйт деп айтууга болбойт. “Путин үчүн Украинадагы согуш артыкчылык бойдон калууда”, - деп жазды Нотте.

Макаланын автору Steve Gutterman.

Шерине

XS
SM
MD
LG