Ирандын соккусунан Израилде оорукананын имараты зыян тартты

Беэр-Шевдеги оорукана Ирандын соккусунан кийин. Израил, 19-июнь, 2025-жыл.

19-июнда эртең менен Иран Израилге ракетадан сокку урганда дүрмөттөр өлкөнүн түштүгүндө орун алган Беэр-Шевдеги оорукананын жанына кулаган.

Кабар агенттиктери улуттук медициналык кызматка таянып бери дегенде 30дан ашык киши жабыркап, үчөөнүн абалы оор экенин жазышты.

Ирандык ракеталар Холон жана Рамат-Ган деген жерлерге да тийген. Ал жактарда канча киши жабыркаганы такталууда.

Бардыгы болуп бул жолу Израилге 30дан көп ракета атылганы маалымдалууда. Өлкө бийлиги жарандык жайлар бутага алынганын айыптады. Саламаттык сактоо министри Уриэл Бусо "медициналык мекемеге ракета атууну террордук акт" деп сыпаттады.

Ирандын куралдуу күчтөрүнө жакын Tasnim агенттиги ракета соккусу “израилдик армиянын Гав-Ям технологиялык паркындагы командалык-чалгын борборуна жана аскердик чалгынчылардын лагерине” каршы багытталганын, ал жай ооруканага жакын жайгашканын билдирди.

Түн ичинде Израилдин авиациясы Арак, Натанз жана башка жерлердеги өзөктүк ишканаларга сокку урганын ЦАХАЛдын (Израилдин куралдуу күчтөрү) басма сөз кызматы кабарлады. Анын алдында Израилдин бийлиги элге Арак жана Хондаб шаарларынын белгилүү бир райондорунан чыгып кетүүнү эскерткен.

Ага чейин Тегеран жана айланасындагы конуштар да чабуулга кабылган.

Эки өлкө ортосундагы куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, сокку урганда тутанган. Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келатат. Эки тараптан тең карапайым жарандар арасында жоготуулар бар.

Дагы караңыз

АКШга студенттик визага тапшыргандардын социалдык тармактары текшерилетКарасартованын иши: адвокаттар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштүАвстралия Орусиянын кемелеринин портторго кирүүсүнө биринчи жолу тыюу салды"Мээнет талаага кетти". Медиа өкүлдөрүн нааразы кылган ЖМК мыйзамы