Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

АКШга студенттик визага тапшыргандардын социалдык тармактары текшерилет


Гарвард университети. Иллюстрация
Гарвард университети. Иллюстрация

АКШнын университеттеринде окууну каалаган же ишке чакырылган изилдөөчү-окумуштуулардын социалдык тармактары виза берилер алдында текшерилет.

Америкалык консулдук кызматкерлерине тиешелүү тапшырма берилди. Алар “Кошмо Штаттардын жарандарына, маданиятына, өкмөтүнө, институттарына, мамлекеттин пайдубалын түзгөн принциптерге кастыктын белгилерин” издөө менен алектенет.

Шаршембиде Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү билдиргендей, визага тапшыргандарга социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын ачуу сунуш кылынмакчы.

Майдын этегинде сөз болгон категорияга визага арыз алуу жана аларды кароо жараяны токтоп, эми кайра жанданууда.

The New York Times гезити муну президент Дональд Трамптын администрациясынын “либералдуулукка” ыктаган алдыңкы университеттерди ооздуктоо жана аларды консервативдүү идеялар үчүн ачык кылуу аракети деп сыпаттайт.

Ак үйдүн өкүлдөрү былтыр студенттик кампустарда Палестинаны колдогон, Израилге каршы өткөн акцияларга чет өлкөлүк студенттер активдүү катышкан деп айтышат. Демонстрациялар учурунда антисемиттик ураандар жаңырып, сабактар үзгүлтүккө учураган, жөөт студенттер куугунтукталган учурлар болгон.

Мартта АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 300 студенттик виза жокко чыгарылганын жана бул жараян уланарын билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG