Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Жалал-Абадда базардан чыккан өрт чектөөгө алынды


ӨКМ тараткан видеодон алынган сүрөт.
ӨКМ тараткан видеодон алынган сүрөт.

19-июнда Жалал-Абад шаарындагы “Береке” базарынан чыккан өрт саат 11:10до чектөөгө алынганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Учурда беш бөлүм тартылып, иштеп жатат.

Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өрттүн жалпы аянты, келип чыгуу себептери жана башка маалыматтар такталууда.

"Береке" базары Жалал-Абаддын Түмөнбай Байзаков көчөсүндө жайгашкан жана ал жайда азык-түлүк, кийим кече, күнүмдүк тиричиликке керектүү буюмдар сатылат.


Шерине

XS
SM
MD
LG