“Азаттык” радиосунун украин кызматы билдиргендей, Киевге урулган дрон соккусунан кеминде 16 киши каза болду. Калаа мэри Виталий Кличко набыт болгондордун бири АКШ жараны экенин, 55 киши жараат алганын билдирди.
Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, дрон чабуулдары кеминде Киевдин ар кайсы районундагы 27 жерге урулуп, турак үйлөр, билим берүү мекемелери жана башка имараттар зыян тарткан.
Одессада Орусиянын дрон чабуулунан ондон ашык киши жараат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы бул соккулардан “олуттуу зыян” болгонун билдирди.