Казакстандын баш калаасы Астанада “Борбор Азия-Кытай” саммити башталууда. Саммитке катышуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Астанага чогулушту. Си Цзинпин 16-июнда Казакстанга келип, казак президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
“Борбор Азия-Кытай” саммити экинчи жолу өтүп жатат. Анын күн тартибинде Ктыай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясий жана экономикалык байланышын чыңдоо, соода алакаларын көбөйтүү менен катар дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү маселелер талкууланары кабарланды. Биринчи саммит 2023-жылы Кытайдын Сиань шаарында өткөн. Соңку жылдары Кытай Борбор Азиядагы эң ири өнөктөшкө айланып, таасири артып жатат.
Борбор Азиянын беш өлкөсү башка өлкөлөр С5 форматындагы жолугушууларды акыркы жылдары утур-утур өткөрүп келет. Буга чейин мындай форматтагы саммиттер АКШ, Европанын бир катар өлкөлөрү, Жапония, Түштүк Корея менен өткөн.
Шерине