Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Орусия менен Украина согуш туткундарынын дагы бир тобун алмашты


Буга чейин айырбашталган украиналык аскерлердин бири.
Буга чейин айырбашталган украиналык аскерлердин бири.

Орусия менен Украина бейшембиде Стамбул макулдашуусунун алкагында согуш туткундарынын дагы бир тобун алмашканын билдиришти.

Украин президенти Владимир Зеленский мекенине кайтып келген жоокерлердин сүрөттөрүн чыгарды.


Анын айтымында, Украинага кайтарылган аскер кызматкерлери, Улуттук гвардиянын жоокерлери жана чек арачылардын көбү 2022-жылдан бери туткунда кармалып келген. Алар Донецк, Луганск, Запорожье, Харьков, Сумы, Чернигов жана Киев облустарындагы кармаштарга катышкан.

Аскерлерди айырбаштоо тууралуу буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги билдирген. Канча киши алмашылганы айтылган жок. Так сан бул жараяндын акыркы баскычынан кийин айтылары күтүлүүдө.

Зеленский туткундарды алмашуу 20-21-июнда аяктарын буга чейин айткан.

Бардыгы болуп ар бир тараптан бир миңден көп киши туткундан бошотулары маалымдалган.

Үстүбүздөгү жумада каза тапкан жоокерлердин сөөгүн алмашуу жыйынтыкталды. Орусия Украинага 6 миңдей маркумдун сөөгүн берди, Украина Орусияга ондогон сөөктү кайтарды.

17-июнда Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко соңку репатриация маалында Орусия тарап Киевге “украин аскерлеринин сөөгү менен кошо орус аскерлеринин сөөгүн өткөрүп бергенин” билдирген.

"Бул Орусиянын атайылап жасаган аракети болушу мүмкүн. Алар сөөгүн өткөрүп берген аскерлердин санын көбөйтүүнү каалагандыр. Кантсе да, бул алардын өз аскерлерине болгон кайдыгер мамилесин көрсөтүүдө. Биз ар бир сөөктү идентификациядан өткөрөбүз",- деп жазган ал.

Орусия бул боюнча маалымат бере элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG