Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

“Росатом”: Бушер АЭСине сокку урулса Чернобылдагыдай апаатка алып келет


Бушер АЭСи. Архив
Бушер АЭСи. Архив

Орусиянын “Росатом” корпорациясынын жетекчиси Алексей Лихачев Ирандагы Бушер АЭСине сокку урулса анын арты Чернобылдагы апаатка тете трагедияга алып келет деп эскертти. Анын айтымында, “Росатом” түрдүү сценарийлерге даяр турат, орусиялык кызматкерлер ал жайдан эвакуацияланышы мүмкүн.

"Биринчи болуп кызматкерлердин үй-бүлөлөрү чыгарылат", - деп белгиледи Лихачев.

Буга чейин станцияга кыска мөөнөткө барган адистер Азербайжан жана Армения аркылуу чыгарылган.

Орус президенти Владимир Путин шаршембиде Израилдин жетекчилери менен станциядагы орусиялык кызматкерлердин коопсуздугу камсыздалат деп макулдашылганын билдирген.

Мунун алдында Израил армиясынын басма сөз катчысы Израил Бушер АЭСине сокку урганын айтып, кийин куралдуу күчтөрдүн расмий өкүлү маалымат “жаңылыштык” болгонун билдирди. Ал Натанз, Исфахан жана Арак өзөктүк жайларына чабуул коюлганын гана ырастады. Бирок Бушерге сокку урулуп же урулбаганын бышыктаган да, четке каккан да жок.

АЭСти бутага алуу, абанын, жер-суунун булгануу ыктымалдыгы Перс булуңундагы мамлекеттерди көптөн бери түйшөлтүп келет.

Ирандагы жападан жалгыз иштеп жаткан атомдук станция Орусиянын жардамы менен салынган, орусиялык суюк отунду керектейт.

Бейшембиге караган түнү Израилдин авиациясы Арак, Натанз жана башка жерлердеги ондогон өзөктүк ишканаларга сокку урганы кабарланган.

Маалыматтарга караганда, негизги бута Арактагы курулуп бүтө элек ядролук реактор болгон. Израилдик аскерлердин айтымында, сокку плутоний чыгарганда колдонулуучу маанилүү конструкцияга урулган. Плутоний урандай эле ядролук курал жасоодо керектелиши мүмкүн.

ЦАХАЛ Натанздагы объектте Ирандын атомдук программасын ыкчамдатууга багытталган жабдыктар менен долбоорлор жайгашканын кошумчалады. Андан тышкары баллистикалык ракеталар менен абадан коргонуу системалары үчүн чийки заттарды жана кошулмаларды чыгарган заводдор аткыланганы маалымдалды.

Эки өлкө ортосундагы куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, сокку урганда тутанган. Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган.

Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн, андан баш тартпай турганын айтууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG