Израилдин Иранга каршы 13-июнда баштаган аба соккуларынан кийин Түркмөнстан коңшусу Иран менен чектеш аймактарда коопсуздукту күчөттү. "Азаттыктын" түркмөн кызматына ишенимдүү булактар билдиргендей, түркмөн бийлиги аскердик даярдыкты жогорулатып, гуманитардык жардам көрсөтүү ишин баштады.
Маалыматка караганда, түркмөн-иран чек арасындагы "Серахс" өткөрмө бекетинде түркмөн аскерлери соңку үч күндөн бери толук даярдыкта турат. "Азатлыктын" булагы билдиргендей, ракета Түркмөнстан аймагына туура эмес багытта учуп келүү коркунучуна байланыштуу аба коргонуу системалары толук ишке киргизилген.
Түркмөнстандын Иран менен чек арасы 1100 чакырым.
Ирандагы кырдаалга байланыштуу Турkmen.news басылмасы билдиргендей, Türkmenistan Airlines компаниясы Ашхабад–Дубай каттамдарын убактылуу токтотту. FlyDubai жана башка эл аралык авиакомпаниялардын айрым рейстерине убактылуу конууга уруксат берди.
"Азатлыктын" жериндеги журналисттери базаларда ирандык товарлардын баасы кескин кымбаттаганын жазышты. Маалыматка караганда, эки өлкө ортосундагы чек ара бекеттен өтүүгө жүк ташуучу автоунааларга гана уруксат берилген.
Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги 14-июнда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, күч колдонууга жана согуштук риторикага каршы экенин билдирген.
Түркмөнстан Иранда калган чет элдик жарандардын өлкөдөн коопсуз чыгышына көмөктөшүп жатат. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 16-июнда жарыялаган расмий билдирүүсүндө, Түркмөнстандын чек ара көзөмөл пункттары аркылуу Ирандан 120 адам чыгып кеткен. Алардын арасында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары бар.
13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Эки тараптын ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дай адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.
Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашуун адам набыт болгонун билдирди. (AiA)
Шерине