Түндүк Корея Орусиянын Курск облусундагы кыйроого кабылган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам иретинде 1000 сапёр жана 5000 аскердик куруучу жиберүүгө убада берди. Бул тууралуу Пхеньянда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен КЭДР лидери Ким Чен Ындын жолугушуусунда сөз болгонун ТАСС агенттиги жазды.
Курск облусунун жергиликтүү бийлигинин маалыматына караганда, облуста 5000 чарчы чакырым жерге жардыргыч заттар коюлган.
2024-жылдын аягында 1366 ишкана, 400 социалдык объект жана 1112 чакырым жол талкаланганы кабарланган. Бирок алардын канчасы калыбына келтирилгени белгисиз.
Шойгунун Пхеньянга сапары эки өлкөнүн өнөктөштүк келишиминин бир жылдыгына туура келди.
17-июнда Орусиянын почтасы аркылуу КЭДРге жүк жөнөтүү кайра жанданганы маалымдалды. Бул Орусияга келе турган корей жумушчуларына шарт түзүү максатын көздөйт.
Былтыр Түндүк Корея Орусияга 15 миңдей эмгек мигрантын жибергенин The Wall Street Journal жана Reuters басылмалары Түштүк Кореянын чалгын кызматына шилтеме кылып жазган.
Маалыматка караганда, алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагында иштейт.
Пхеньяндын өзөктүк программаларын каржылоону чектөөгө багытталган санкциялардын алкагында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен Түндүк Кореянын жарандарын ишке орноштурууга тыюу салынган.
Орусия Украинадагы согушка тарткан түндүк кореялык 600дөй аскер каза болуп, дагы миңдегени ар кандай жараат алганын Түштүк Корея парламентинин чалгын боюнча комитети билдирген. (AiA)
Шерине