Израилдин армиясы Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук штабынын жаңы дайындалган жетекчиси Али Шадмани өлтүрүлгөнүн билдирди. Казакстандын борбору Астанада “Борбор Азия–Кытай” саммити башталууда. Абактагы журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча Октябрь райондук сотундагы отурум 26-июнга калды.
2007-жылы чыккан Кызыл китепке жоголуп бараткан канаттуулардын 50дөн ашык түрү кирген. Кийинки редакцияга андан да көп түрү кириши мүмкүн.
Иран менен Израил бири-бирин аткылоону улантууда. Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлары кабарланды.
УКМК 200 миң доллар пара алууга шектүү кызматкери иштен алынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, подполковник С.М. "ири өлчөмдөгү коррупцияга" айыпталууда, ал ишкердин тергөөгө байланыштуу көйгөйүн чечип берем деп 200 миң доллар өлчөмүндө пара алганы аныкталган.
Индияда 200дөн ашык жүргүнчүнү ташып бараткан учак кырсыкка кабылып, көп адам мүрт кетти. Украинанын экинчи ири шаары Харьков Орусиянын аба соккусуна кабылып, кеминде 16 адам жараат алды. Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганын айткан келиндин жолдошун эки аптадан кийин гана кармады.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Тайлак айылында 14-апрелде жүргөн сел көчөдө турган эки автоунааны агызып, үч көпүрөнү алып кеткен. Мындан тышкары Аксы районунда жолду каптаган. Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек жана Алтын-Бешик айыл аймактарынын айрым тилкелерин суу каптаган.
Кыргызстанда көчөт отургузуу өнөктүгү жыл сайын жүрөт. Бирок тигилген көчөттөрдүн бир бөлүгү жыл айланбай куурап калууда. Былтыр "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында 8,141 млн даана көчөт тигилген. Анын 67% гана көктөгөн. Адистер муну бир катар себептерге байланыштырат.
Борбор Азия климаттык өзгөрүүнүн оор кыйынчылыктары менен бет келүүдө.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Айлана-чөйрө программасы жүргүзгөн изилдөөдө дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу Кыргызстанда абанын ысышы эки эсе тездик менен жүрүп жатканы айтылды.
Мьянмада 28-мартта күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 1600дөн ашты. Би-би-си өлкөнүн бийлигине шилтеме кылып дагы 3,5 миңге чукул адам жараат алганын кабарлады.
Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда колдоду. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан ичинен Султанбай Айжигитов каршы болуп, калганы “макул” деп добуш берди.
Дагы жүктөңүз