АКШнын кара тизмеси, Бишкектин билдирүүсү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын кыргызстандыктарга чектөө киргизиши мүмкүн деген маалыматына түшүндүрмө берүү үчүн АКШ элчилигинин консулун чакырарын жарыялады.

Анын алдында америкалык Washington Post басылмасы Дональд Трамптын администрациясы дагы 36 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салып же чектөө киргизе турганын жазган. Аталган тизменин көпчүлүгүн Африка өлкөлөрү түзсө, алардын катарында Кыргызстан да бар экени айтылган. Эгерде Кыргызстан чынында бул тизмеге кирип калса эмне өзгөрүшү мүмкүн?