Карасартованын иши: адвокаттар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Рита Карасартова сот залында. 19-июнь, 2025.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 19-июнда укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча отурум уланды. Процесске тергөөчү менен прокурор келбегени үчүн судья Адил Жаныбек уулу эки арыз боюнча отурумду 27-июнга жылдырарын билдирди. Укук коргоочунун ишинде жалпы беш арыз каралмак.

Тергөөчү менен прокурордун катышуусун камсыздабаганы үчүн Карасартованын адвокаттары судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, судья Жаныбек уулу аны четке какты.

10-июнда райондук сот Карасартованын абактагы мөөнөтүн 12-июлга чейин узарткан чечим чыгарган.

Укук коргоочу Рита Карасартова 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. 17-апрелге караган түнү Свердлов райондук соту аны бир айга камакка алган. Ушул эле сот 30-апрелде анын абактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узарткан. Карасартованы үй камагына чыгаруу тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн Бишкек шаардык соту 29-майда карап, укук коргоочуну тергөө абагында калтырган.

Укук коргоочу өзүнүн кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.

Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.

Рита Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу дагы камалып, бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра акталган.

Дагы караңыз

Депутат Бекешев Бишкекте автоунааларды эвакуациялоону жокко чыгарууну сунуштадыАвстралия Орусиянын кемелеринин портторго кирүүсүнө биринчи жолу тыюу салдыТрамп Иран менен согушту каалабай турганын, бирок анын өзөктүк курал өндүрүшүнө тоскоол болорун билдирдиЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды