АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен согушуу ниети жок экенин билдирди. Бул тууралуу Трамп Кошмо Штаттар Иранга абадан сокку урушу мүмкүн деген божомолдор жасалып жаткан чакта айтып чыкты.
Бирок АКШ президенти Тегерандын өзөктүк курал өндүрүшүнө жолтоо болуу үчүн ал мындай операцияларды жүргүзүүгө мажбур болушу мүмкүн экенин четке каккан жок.
“Менин согушуу ниетим жок", - деди Трамп 18-июнда журналисттерге сүйлөп жатып.
“Бирок согуш менен өзөктүк куралдын ортосундагы тандоо турса, анда зарыл нерсени кылыш керек”, - деп кошумчалады АКШ президенти.
The Wall Street Journal басылмасы үч булакка шилтеме берип, 17-июнда Трамп өзүнүн жардамчыларына Иранга сокку уруу планын жактырганын, бирок Тегерандын өзөктүк программасынын баш тартышын күтөрүн билдиргенин жазып чыккан.
АКШ Израилдеги элчилигинин айрым кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрүн чыгара баштаган.
Ага чейин Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи АКШ бийлигине кайрылып, Ирандын эли эч качан эч кимге баш ийбестигин билдирген.
Ал тапта Иран-Израил жаңжалы курчуп жатат. Өткөн түнү Израилдин аба күчтөрү Тегеран жана анын айланасындагы бир нече жайга сокку урду. Ошол эле маалда Иран ракеталар Израилдин аймагына аткылаганын да кабарланды.
13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. АКШда жайгашкан ирандык активисттери уюштурган бейөкмөт уюм 18-июнда Изарилдин соккуларынын жалпы 630дөн ашуун адам каза болгонун билдирди. Адардын ичинен 239у жайкын тургун, 126сы аскер, дагы 220сынын ким экени аныктала элек.
Ал эми Израилдин расмийлери Ирандын соккуларынын 26 адамдын каза болгонун кабарлоодо.