Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды

Кенжебек Бокоев.

Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 18-июнда үй камагына чыгарды. Мындай өтүнүчтү Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү келтирген.

Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

9-июнда Талас облустук милициясы Бокоевди Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган. Шаардык сот Бокоевдин бөгөт чарасын карап, 9-июлга чейин камакка алган.

Кылмыш иши ал 2005-2010-жылдары азыркы Айтматов районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган учурга байланыштуу экенин облустук милициянын басма сөз кызматы тактаган.

Экс-депутат, анын жакындары жана адвокаты милициянын айыптоосу жөнүндө комментарий бере элек.

Кенжебек Бокоев Кыргызстан эгемендик алган жылдары ишкерлик менен алектенген. 2005-2010-жылдары Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагын башкарган.

Ал 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган. 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясынын катарында парламенттин алтынчы чакырылышында депутат болгон. (TAb)

Дагы караңыз

Тажикстан Ирандагы жарандары үчүн эвакуациялык штаб ачтыУкраинада кош жарандуулук мыйзамы кабыл алындыИрандын акыркы шахынын уулу "Ислам Республикасы кулап баратат" деген ойдоАрменияда миллиардер Карапетян бийликти басып алууга айыпталды