Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салууну сунуштады. Парламенттин 18-июндагы жыйынында ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул маселени карап чыгуу керектигин билдирди.
“Жаштардын арасында боор, жүрөк, бөйрөк оорулары көп катталып жатат. Мектеп окуучулардын, такси айдоочуларынын арасында бул суусундук өтө көп колдонулуп жатыптыр”, - деди Марипов.
Энергетикалык суусундуктарга чектөө киргизүү боюнча маселе коомчулукта, парламентте буга чейин бир канча жолу көтөрүлгөн.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы өлкөдө энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Анын алдында Салык кызматы курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүдө акциздик салык салына баштарын билдирген. Ага ылайык, Министрлер кабинети бекиткен акциздик ставкага жараша аталган суусундуктун бир литрине он сомдон алынат.
Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмге сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат.
Мыйзамдын негизинде мындай суусундуктар 18 жашка чейинкилерге сатылбашы керек.