Жапаров менен Цзинпиндин жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлду

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин.

Президент Садыр Жапаров 17-июнда Казакстанга иш сапарынын алкагында Кытай лидери Си Цзинпин менен жолугушту. Сүйлөшүүдө Си Цзинпин Кыргызстандын эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, туруктуу социалдык экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган аракеттерин колдой турганын билдирди.

Жапаров Кыргызстан Кытай менен мамилелерине өзгөчө маани берерин белгилеп, “Биз өз ара урматтоого, тең укуктуулукка жана ынак коңшулукка негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жетишилген деңгээлин чын жүрөктөн жогору баалайбыз”, - деди.

Ал Кытай Кыргызстандын негизги инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеген.

Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтуларын билдиришти. Жолугушуу жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

  • Кыргызстандын Министрлер кабинетинин жана кытай өкмөтүнүн ортосундагы “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын бөлүмдөрүн адистештирилген техника менен камсыздоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кат алмашуу формасында түзүлгөн макулдашуу;
  • Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Кытайдын Өнүктүрүү жана реформалоо боюнча улуттук комитетинин ортосунда жасалма интеллектти колдонуу боюнча кызматташуу борборун биргелешип түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытайдын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы Кайра иштетүү өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Чек арадагы саламаттык сактоо жана карантин жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз улуттук “Кабар” мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Медиакорпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын “Слово Кыргызстана” басма үйү менен Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттигинин ортосундагы жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму.


Президент Садыр Жапаров 17-июнда “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн Казакстандын борбору Астанага барды. Жыйынга Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери жана Кытайдын лидери Си Цзинпин катышууда. Саммит учурунда аймактык кызматташтык талкууланары айтылган.

Дагы караңыз

ТИМ: АКШ консулу менен миграциялык өзгөрүүлөр талкууландыТил комиссиясы жасалма интеллект менен түзүлгөн Aitil платформасын ишке киргиздиКиевде дрон чабуулунан кеминде 16 киши каза болдуЖурналисттер “ЖМК жөнүндө” долбоордун жоболорунун катаалдаганын билдиришүүдө