Ирандан Тажикстандын 30 жараны эвакуацияланды

Низомиддин Зохиди.

Тажикстандын 30 жараны Ирандан чыгып кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Ирандагы элчиси Низомиддин Зохиди "Озоди" радиосуна билдирди.

"Алар Түркмөнстан аркылуу Тажикстанга кайтып баратышат. Элчилик бул жараянга көмөк көрсөтүүдө жана биздин милдет жарандарыбыздын коопсуз кайтып келишин камсыз кылуу", — деди Зохиди.

Элчилик Ирандын аба мейкиндигиндеги аба каттамдар токтотулгандыктан жарандар Азербайжан же Армения сыяктуу коңшу өлкөлөр аркылуу эвакуациялана турганын кабарлады.

Низомиддин Зохиди бул жараян ыктыярдуу негизде жүрүп жатканын жана элчилик эч бир жаранды Ирандан чыгууга мажбурлабаганын билдирди.

Өлкөдөн чыгып кеткен тажик жарандарынын басымдуусу туруктуу жашабаган, негизинен дарылануу, иш сапар же билим алууга келгендер экени маалымдалды.

Маалыматка караганда, дагы 100гө жакын тажик жараны эвакуцияны күтүп жатат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 13-июнда билдирүү таратып, Иранга жасалган соккуларды айыптап, тараптарды сабырдуулукка чакырган.

"Тажикстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна терең тынчсыздануусун билдирип, Иранга жасалган Израилдин аскердик соккуларын кескин айыптайт. Бул эл аралык мамилелердин жалпы таанылган нормаларынын бузулушу", — деп айтылат билдирүүдө.

Бир күн мурун Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандагы жана Азербайжандагы элчиликтер менен бирге 28 кыргыз жаранын Азербайжанга өткөргөнү тууралуу маалымат тараткан. Эвакуацияланган жарандар жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келет.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дай адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашуун адам набыт болгонун билдирди. (AiA)

Дагы караңыз

ТИМ: АКШ консулу менен миграциялык өзгөрүүлөр талкууландыТил комиссиясы жасалма интеллект менен түзүлгөн Aitil платформасын ишке киргиздиКиевде дрон чабуулунан кеминде 16 киши каза болду