Өткөн айда эле Кара-Кулжада Айзирек аттуу келинди күйөөсү атып салды. Артында беш баласы жетим калды. Бул - Кыргызстандагы эң үрөй учурган үй-бүлөлүк зомбулуктун соңку мисалдарынын бири гана.
Уксус ичип жанын кыюуга чейин барган аялдар канча. Адистер мындайды эң оор жана азаптуу өлүм деп сыпатташат. Эмне үчүн аялдар ушундай кооптуу жол менен өз жанынан кечүүгө барууда?
Быйыл Кыргызстанда 6500дөн ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36% көп. 2024-жылы 17 миңден ашуун зомбулук фактысы катталган.
Ар жума сайын социалдык тармактарда эркектер аялдарга зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар ачыкка чыгат. Өткөн жылы бир эркек уулунун көзүнчө аялынын кулак-мурдун кесип салган окуя коомчулукту нес кылган. Ал тургай ал аялдын көзүн да оюп салсам деген экен. Жабырлануучу Асел күйөөсүнүн үстүнөн бир нече жолу милицияга даттанганы менен укук коргоо органдары эч кандай чара көргөн эмес.
Кыргыз бийлиги калктын жарымына каршы жасалып жаткан зомбулуктун эпидемиясына көз жуумп келатат. Үй-бүлөлүк зомбулуктун жана фемициддин кесепеттери чакан мамлекеттин демографиясына олуттуу зыян келтирет. Эгер аялдардын баарын өлтүрүп салсаңар улуттун учугун ким улантат? Энелер, кыздар, эже-сиңдилер азап тартып, кайгы-муңга батып жашаган өлкө кантип өнүксүн?
Бул көйгөй Кыргызстанга гана тиешелүү эмес. Үй-бүлөлүк зомбулук дүйнөнүн бардык бурчунда бар. Мисалы, Австралияда аялдар кабылган зордук-зомбулуктун деңгээлинен улам өкмөт өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. Батыш өлкөлөрүндө эркектер арасында “Сенин денең - менин тандоом!” деген сыяктуу аялдарды мазактап, коркуткан, жек көрүүчүлүк ураандар менен коштолгон кооптуу субмаданият жайылууда.
Бирок бул көйгөй дүйнөдө жайылганы бир да өлкөгө эч кандай чара көрбөй, кол куушуруп отурганга шылтоо болбошу керек.
Кыргыз аялдары акылдуу, сүйкүмдүү, жаратман жана сулуу. Мен муну жакшы билем - анткени мен кыргыз кызга үйлөнгөм. Андыктан Кыргызстанга чын дилимден күйөм жана жаңылыктарды такай окуп турам. Тилекке каршы, акыркы убактарда жаңылыктарда аялдар менен балдар кабылган зордук-зомбулук, агрессия арбын айтылат. Экинчиден, мен журналистмин, чындыкты айтууга милдеттүүмүн.
Кыргыз элинин мүнөзүндө башка элдерге салыштырмалуу “үй-бүлөлүк зомбулукка көбүрөөк ыктайт” деген сыяктуу эч нерсе жок. Шотландияда да үй-бүлөлүк зомбулук көп кездешет. Бизде да тарыхый калыптынгандай ашыкча ичимдик ичүү, футбол командасы утулса ачуусун жакындарынан чыгарып, "эркектик эрдигин" көрсөткөн көйгөйлөр бар. Шотландиядагы акыркы салыштырмалуу көрсөткүч - жылына 7500 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталат. Бул өтө жогорку көрсөткүч жана улуттук деңгээлдеги уят иш деп кабылданат. Бирок шотланддарда бул бир жылдык көрсөткүч болсо, Кыргызстанда быйыл январдан майдын аягына чейин эле 6500 учур катталган. Демек, Кыргызстандагы көрсөткүч Шотландияныкынан эки эсе көп, калктын саны дээрлик бирдей. Мындан тышкары Шотландияда зордук-зомбулук болсо, аны билдирүүнүн жол-жобосу жакшы өнүккөн.
Шотландияда бул система көп жылдык маалымат берүү жана коомдук өнөктүктөрдүн негизинде калыптанган. Шотланддар ар кандай шылтоо издеген мамилени өзгөртүп, жабырлануучуларды коргогон системаны түзүү зарыл экенин түшүнгөн. Үй-бүлөлүк зомбулук болгондо полиция менен сот системасынын милдети - жабырлануучулардын укугун коргоп, калыс жана адилет иш алып баруу.
Шотландияда аялдар кириптер болгон кылмыштарды тергөө иштеринде да чуулгандуу учурлар болгон. 2001-жылы Глазгого жакын шаарда 16 жаштагы Линдсей Армстронг деген кыз зордукталган. Ал кылмышты полицияга билдирип, иш сотко өткөн. Бирок айыпталуучунун адвокаты кыздын кийимин "өтө эле ачык" деп сындап, сотто анын өзүн күнөөлөгөн. Жабырлануучу кыз дал ошол соттук териштирүүдөн улам психологиялык жактан катуу жабыркап, өз жанын кыйган.
Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, аялдарга каршы зомбулук иштерин тергөө жана сотко өткөрүү тартибинде олуттуу өзгөрүүлөр киргизилген. Мен ошол учурда кылмыш жана саясий иштерди чагылдырган кабарчы элем. Андыктан ал окуядагы үрөй учурган ирмемдер азыр да эсимде.
Кыргызстан көйгөйдү чечүү жолунда алгачкы кадамдарды азыр жасай алат. Бул процесс жай жүрүшү мүмкүн, бирок талбас эмгекти талап кылат. Ар бир кадам алдыга жетелейт.
Кыргызстандын алдындагы эң негизги маселе - үй-бүлөлүк зомбулукка карата кылмыш-жаза системасын өзгөртүү. Милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулукка кийлигишүүдөн баш тартканы - акылга сыйбас нерсе. Алардын "биз үй-бүлөлүк чыр-чатакка кийлигише албайбыз" деген жүйөсү жөн гана шылтоо. Бул үмүттүн шооласын өчүргөн, кол куушурган алсыз жана кооптуу шылтоо. Ал миллиондогон адамды зомбулуктун кучагына таштап койчу шылтоо. Бул илдет азап тарткан аялдар менен эле чектелбейт. Үй-бүлөлөр бузулуп, балдар ата-энелеринен ажырап, жетим калып жатат.
Милиция кылмыштарды туура каттап, андан соң тиешелүү чараларды көрүшү керек. Алар кылмышкерлерди актабай, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүнө так жана калыс көңүл бурушу зарыл. Укук коргоо органдардына иштеген аялдарды көбөйтүү абзел. Аял кызматкерлер көрсөтмө алуу жана тергөө иштеринде чоң роль ойнойт. Кыргызстанда жабырлануучуларды колдогон күчтүү система түзүү керек. Ал система жабырлануучулардын эч кимден коркпой-үрпөй, куугунтукка кабылам деп чочубай көрсөтмө берүүсүнө шарт түзүшү зарыл.
Кийинки маанилүү кадам - сот иштерин ачык өткөрүү жана айыпталуучунун ысымын коомчулукка жарыялоо. Бул көпчүлүк өлкөлөрдө кадимки көрүнүш. Айрымдар айыпталуучунун аты-жөнүн ачык жарыялоо балдарга терс таасирин тийгизет дешет. Бирок балдарга апасынын жылдар бою азап тартканын көрүүнүн өзү оңбогондой сокку эмеспи. Мындай кылмышты жашыруунун эч кандай пайдасы жок.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн кылмыштуулукка, өзгөчө коомдогу зордук-зомбулукка олуттуу караган саясий маданият керек. Бийлик кылмышкерлер үчүн катаал жазалоочу, ал эми жабырлануучулар үчүн бекем коргоочу болушу зарыл.
Дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдүн "адилеттик системасы" зомбулук көрсөткөндөрдү коргоп, ал эми жабырлануучуларды коркутарын билебиз. Кыргызстан бул көйгөйдү ишенимдүү аракети менен чечкен өлкөлөрдүн катарына кошула алат. Кыргызстан бул милдетти калкынын 50% - энелери, кыз-келиндери үчүн жүзөгө ашырышы керек.
Шерине