Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Киевде 18-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды


Киевдеги чабуулдан жабыркаган үй.
Киевдеги чабуулдан жабыркаган үй.

18-июнь Украинанын борбору Киев шаарында аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул күнү Орусиянын 17-июнга караган түнкү чабуулунун курмандыктары эскерилет.

Шейшембидеги таңкы чабуулдан каза болгондор саны 16га жетти.

17-июнга караган түнү украин баш калаасы Орусиянын жапырт аткылоосуна кабылды. Киевде чабуулга турак үй туш болуп, анын бир бөлүгү толук урап түштү.

"Азаттыктын" украин кызматы Киев сааты боюнча 12:00го карата каза тапкандардан тышкары 114 киши жаракат алганын, алардын ичинен 59у ооруканада экенин кабарлаган.

Журналисттер жергиликтүү бийликке таянып, шаардын чабуул болгон райондорунда куткаруучулар иштеп жатканын жана дайынсыздарды издөө иштери уланганын жазышты.

Ички иштер министри Игорь Клименко беш киши дайынсыз болуп жатканын кабарлады.

"Биз куткаруу иштерин толук бүтүрмөйүнчө, жабыркагандардын баары жардам алмайынча ишибизди токтотпойбуз", — деди ал

Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн түнкү чабуулду "Киевге жасалган эң катуу соккулардын бири" деп атады.

Анын айтымында, баш калаанын бир нече районуна 27 жерден сокку урулган.

17-июнга караган түнү Одесса шаары да жапырт чабуулга кабылды. Облустук администрациянын башчысы Олег Кипердин айтымында, шаарда турак үйлөр, бала бакча, инклюзивдик борбор жабыркаган. Бир аялдын сөөгү уранды арасынан табылды. Жаракат алгандардын саны 17ге жетип, арасында кош бойлуу аял жана жашы жете элек бала бар экени кабарланды.

Запорожье шаарына төрт жолу абадан сокку урулуп, көп кабаттуу үй жана жатакана жабыркады.

Украинанын аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия өткөн түнү Украинага жалпы 472 жолу абадан сокку урган. Анын ичине 440 "Шахед" дрону Украинанын аймагына учурулган. Маалыматка караганда 262 дрон атып түшүрүлдү.

Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG